Akchabarsearch
Кыргыз балын Евробиримдиктин рыногуна киргизүүгө уруксат алынды

Жарыяланган

2026-30-01, 10:16

Кыргыз балын Евробиримдиктин рыногуна киргизүүгө уруксат алынды

Кыргыз балын Евробиримдиктин рыногуна киргизүүгө укурсат алынды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Еврокомиссия Кыргыз балын экспорттоо планын колдоп, Евробиримдиктин аймагына киргизүүгө уруксат берген Еврокомиссиянын техникалык регламентинин атайын тизмесине кошту.

Бул жагдай Кыргызстандын улуттук көзөмөлөлдөө жана сертификациялоо системасы Евробиримдиктин талаптарына шайкеш келгенин ырастайт.

Еврокомиссиянын бул чечими кыргыз балын өндүрүүчүлөрүнө сатуу рыногун кеңейтүүгө жана ата-мекендик продукциянын эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Буга чейин кыргыз балын Европанын рыногуна киргизүү боюнча бир топ жылдардан бери аракеттер көрүлүп, Евробиримдиктин сертификациялоонун катаал талаптарынын айынан кыргыз балын экспорттоого мүмкүн болбой келген.


Тектеш материалды окуу