Akchabarsearch
Евробиримдик Россиядан мунай сатып алууну үч эседен ашык кыскартты

Жарыяланган

2026-17-04, 17:18

Евробиримдик Россиядан мунай сатып алууну үч эседен ашык кыскартты

Евробиримдик 2026-жылдын февралында Россиядан мунай сатып алууну үч эседен ашык кыскартты. Бул тууралуу Россиянын маалымат агенттиги Евростаттын маалыматтарына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, февралда аталган биримдик Россиядан жалпы 181.5 миллион еврого мунай сатып алган. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ноябрынан берки эң төмөн көрсөткүч. 

Айлык эсепте импорт көлөмү дээрлик 19%га азайса, жылдык салыштырууда 3.2 эсе төмөндөгөн.

Февраль айында Россия мунайын Евробиримдиктеги эки өлкө гана сатып алган: Словакия — 147.2 миллион евро, ал эми Нидерланддар — 34.2 миллион евро. 

Ал эми акыркы убактарда Россия мунайын туруктуу сатып алып келген Венгрия февралда импорт жүргүзгөн эмес.

 


Тектеш материалды окуу