Akchabarsearch
    Бишкектин бир бөлүгүндө 17-майда таза суу өчүрүлөт

    Жарыяланган

    2025-15-05, 14:38

    Бишкектин бир бөлүгүндө 17-майда таза суу өчүрүлөт

    Бишкектин бир бөлүгүндө 17-майда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

    Суу «ВПУ» суу топтомосунда жана түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу 09:00дон 20:00го чейин турак үй, мектеп, бала бакча, оорукана жана башка объектилерде жок болот. 

    Таза суу өчүрүлө турган район:

    - Садовый – Шабдан Баатыр  – Ч. Валиханов көчөлөрү – темир жол тилкеси менен чектешкен бөлүк;

    - 7- апрель – Ауэзов – Исакеев – Ч. Валиханов көчөлөрү менен чектешкен район; 

    «Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.


    Тектеш материалды окуу