Жарыяланган
2025-17-10, 16:53Бишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда жана башка объектилерде эртең мененки саат 09:00дон 22:00го чейин жок болот. Таза суу «ХБО» суу топтомосунда оңдоо иштери жүргүзүлө тургандыгына байланыштуу өчүрүлөт.
Таза суу Анкара көчөсү - Чыгыш чоң Чүй каналы – Аламүдүн суусу, темир жол тилкеси – Октябрь көчөсү менен чектешкен аймакта өчүрүлөт.