Akchabarsearch
Сокулукта Ишкердикти өнүктүрүү фондунун жаңы бөлүмү ачылды

Жарыяланган

2025-17-10, 18:39

Сокулукта Ишкердикти өнүктүрүү фондунун жаңы бөлүмү ачылды

Чүй облусунун Сокулук районунда Ишкердикти өнүктүрүү фондунун жаңы бөлүмү ачылды. Бул тууралуу аталган фонд билдирди. 

Фонддун төрагасы Ишенбек Медетов белгилегендей, Сокулук өлкөдөгү экономикалык жактан активдүү райондордун бири болуп саналат. Райондо чакан жана орто бизнес ылдам өнүгүп, өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшү өсүүдө.

«Жаңы филиал насыяларды берүү боюнча алдыңкы орунда болот деп ишенебиз. Анын ишке кириши менен Ишкердикти өнүктүрүү фонду көбүрөөк ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берип, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикасын өнүктүрүүгө жардам берет», — деди ал.

Бөлүмдүн ачылыш аземинде Ишенбек Медетов жаңы филиалдын директору Аида Элемановага филиалдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктү тапшырган. 

Белгилей кетсек, Сокулуктагы бөлүмдүн ачылышы менен Ишкердикти өнүктүрүү фондунун филиалдарынын саны 14кө жетти. Фонддун негизги максаты ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү жана аймактардын экономикалык өнүгүүсүн колдоо болуп саналат. 


Тектеш материалды окуу