Жарыяланган
2025-17-10, 17:23Бүгүн, 17-октябрдан тарта №153 автобус Бишкектин Асанбай районунан “Манас” аэропортуна түнүндө да каттай баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкү каттамдар саат 00:00; 03:00 жана 05:00дө аткарылат.
Эскерте кетсек, аталган каттам экспресс болгондуктан, автобус белгилүү бир аялдамаларга токтойт.