Akchabarsearch
Ишкердикти өнүктүрүү фондунан 8% менен жеңилдетилген насыя алууга болот

Жарыяланган

2025-17-10, 15:55

Ишкердикти өнүктүрүү фондунан 8% менен жеңилдетилген насыя алууга болот

Каржы министрлигине караштуу Ишкердикти өнүктүрүү фонду өлкөнүн аймактарындагы жана шаарларындагы ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүнү улантууда. Бул тууралуу аталган фонд билдирди. 

Фонддон белгилешкендей, буга чейин министрлер кабинети ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн 500 млн сом бөлгөн. Акчалар Ишкердикти өнүктүрүү фонду аркылуу 2025-жылдын июль айынан тарта бериле баштаган. 

Адилеттүү бөлүштүрүү үчүн аталган акча ар бир аймакка калктын санына жараша чачыратылган. Акчанын ачык-айкын берилиши үчүн фонддун сайтында арыз берүү үчүн электрондук кезек түзүлгөн. 

"Бирок электрондук кезекке тургандардын арасында ишкер катары катталбаган же насыя алуу үчүн зарыл болгон документтерди даярдай албаган жарандар да болгондуктан, айрым аймактарда каражат толук өздөштүрүлгөн эмес", - деп билдирет фонд. 

Эми өздөштүрүлбөй калган каражаттар кайра бөлүштүрулүп, кайсы аймакта насыя алууга арыз таштаган ишкерлер болсо, аларга насыя берилет. Ал үчүн фонддун аймактагы бөлүмдөрүнө кайрылуу керек. 

Ишкерлерге насыя 5 млн сомго чейин, 3 жылга дейре, 8% жылдык үстөк менен берилет. 


Тектеш материалды окуу