Akchabarsearch
Бишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү тар тилке кеңейтилет

Жарыяланган

2026-14-04, 13:13

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндөгү тар тилке кеңейтилет

Бишкектин Лев Толстой менен Менделеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тилке кеңейтилет. Бул тууралуу мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге берген жообунда айтылат. 

Аталган кесилиштеги тилкени кеңейтүүгө тоскоодук жараткан үй менен жер тилке жолду кеңейтүү үчүн демөөрчүлөр тарабынан сатып алынган. 

Учурда “Бишкекасфальтсервис” ишканасы тарабынан жер тамдын тосмосун бузуп, жол жана тротуар салууга даярдык иштери көрүлүүдө. 

Даярдык иштеринин кийин курулуш иштери планга ылайык жүргүзүлөт. 


Тектеш материалды окуу