Akchabarsearch
Кыргызстанда 67.7 млн еврого жаңы энергетикалык долбоор ишке ашырылат

Жарыяланган

2026-14-04, 15:44

Кыргызстанда 67.7 млн еврого жаңы энергетикалык долбоор ишке ашырылат

Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Кемин” жана жаңы “Балыкчы” подстанцияларынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Долбоор Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуулардын алкагында ишке ашырылат.

Анын негизги максаты — эскирген электр линияларындагы ашыкча жүктөмдү азайтып, электр энергиясын туруктуу жана чектөөсүз жеткирүүнү камсыз кылуу. Мындан тышкары, долбоор Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан күн жана шамал электр станцияларынын кубаттуулугун жалпы энергетикалык тармакка кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Долбоордун жалпы баасы 67.7 млн еврону түзөт. Анын ичинен 61.7 млн евро насыя, 6 млн евро грант каралган. Насыя 20 жылга, анын ичинде 5 жыл жеңилдетилген мөөнөт менен берилет.
 


Тектеш материалды окуу