Жарыяланган
2025-18-09, 18:16Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) улук вице-президенти Кавамура Кэничи менен жолугушту. Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Атап айтканда, JICA тарабынан берилчү 1.5 миллиард иен (болжол менен 10.3 млн АКШ доллары) гранттын эсебинен "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААК үчүн окуу борборун куруу пландалууда.
Ошондой эле тараптар Күрп-Сай ГЭСин модернизациялоо маселесин да карашты. Учурда бул жерде 3 миллиард иенге (20 миллион доллар) жакын суммага жабдууларды жаңыртуу иштери жүрүп жатат. Кыргызстан ГЭСтин кубаттуулугун 20%га чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап, мындан ары да реконструкция иштерин биргеликте улантууга даяр экенин билдирди.
Министр Кыргызстан JICAны стратегиялык өнөктөш катары карай турганын жана "жашыл энергетика" менен туруктуу өнүгүү жаатындагы биргелешкен демилгелерге өзгөчө маани берерин баса белгиледи.