
Жарыяланган
2025-28-03, 14:12"Айыл Банктын" директорлор кеңешинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Директорлор кеңешинин мүчөсү Аскарбек Жаныбековдун ыйгарым укуктары токтотулду. Анын ордуна Искендер Гаипкулов келди.
Директорлор кеңешинин жаңы мүчөсүн дайындоо чечими 28-мартта өткөн акционерлердин жылдык жалпы жыйынында кабыл алынган.
Эске салсак, Аскарбек Жаныбеков "Айыл Банкка" чейин Кыргызстандын айыл чарба министри кызматын аркалаган.



