Жарыяланган
2024-04-12, 09:53Январь-сентябрь айларында чарба жүргүзүүчү субъекттерге 21 банк жана 581 банктык эмес финансы-кредиттик уюм насыя берген. Бул мезгилде 2,7 млн кредит берилген, анын ичинен дээрлик 294 миңи (11%га жакыны) жеке жактарга бизнес жүргүзүү үчүн багытталган. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди.
142 миңден ашык аял ишкердик жүргүзүү үчүн насыя алышкан, бул жеке адамдарга берилген кредиттердин жалпы көлөмүнүн 48%ын түзөт.
Банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарда аялдарга берилген мындай кредиттердин үлүшү 55%га, коммерциялык банктарда 40%ке жеткен.