
Жарыяланган
2026-19-02, 17:10Бүгүн, 19-февралда парламенттин жыйынында депутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Буга чейин төраганын орун басары болуп келген Карим Ханджеза өз ыктыяры менен аталган кызматтан кеткенден кийин “Мекенчил” депутаттык тобу орун басарлыкка Болот Ибрагимовду талапкерлигин көрсөттү.
Жашырууну добуш берүүнүн жыйынтыгы менен көпчүлүк депутаттын колдоосуна ээ болгон Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Добуш берүүгө катышкан 69 депутаттын 53ү Ибрагимовдун талапкерлигин колдосо, 16сы каршы болду.

