Akchabarsearch
Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештеги комитеттин төрайымы болду

Жарыяланган

2026-19-02, 16:30

Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештеги комитеттин төрайымы болду

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды. 

Анын талапкерлигин “Адилет Кыргызстан” жана “Элдик” депутаттык топтору сунуштады.
Комитеттин төрагасын шайлоо үчүн жашыруун добуш берүү өткөрүлдү. Ага 89 депутаттын ичинен 70и катышты. 

Сурабалдиева 69 депутаттын колдоосуна ээ болуп Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды.


Тектеш материалды окуу