Жарыяланган
2026-24-02, 13:28Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бишкектеги мектеп директорлору менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда 1-мартта баштала турган “Таза шаар” сынагы тууралуу маалымат берилип, бир айга созула турган өнөктүктү жеңген мектептерге чоң сыйлыктар каралганы айтылды.
Төрага Марлен Маматалиев долбоордун маанилүүлүгүнө токтолду.
“Соңку жылдары өлкө башчыбыз Садыр Жапаров тарабынан экологияны коргоо, климаттын өзгөрүүсүн жөнгө салуу жана жашыл экономиканы өнүктүрүү жаатында олуттуу демилгелер көтөрүлүп, көптөгөн иш-чаралар уюштурулууда. Бул “Таза шаар” сынагы да ошол демилгелердин уландысы катары борбор калаабыздын экологиясын жакшыртууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди.
Мындан тышкары, төрага мектеп окуучулары арасында катталып жаткан айрым жосунсуз жоруктарга токтолуп, буга мугалимди эле күнөөлө туура эмес экенин белгиледи.
Сынак 1-марттан 1-майгаа чейин өткөрүлөт. Эң көп көлөмдө пластикалык калдыктарды чогулткан мектеп сынактын жеңүүчүсү деп табылат.
Эскерте кетсек, аталган долбоор Жогорку Кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын, министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Кыргызстан Кызыл Жарым Ай Коомунун көмөгү менен ишке ашырылганы турат.
Өз кезегинде Марлен Маматалиев да резервдик фондунан каржылык жардам көрсөтөрүн билдирди.

