Akchabarsearch
    Кыргызстандыктардын чыгымынын көбү тамак-ашка кетет

    Жарыяланган

    2025-29-05, 17:22

    Кыргызстандыктардын чыгымынын көбү тамак-ашка кетет

    Быйыл Кыргызстанда чекене сооданын көлөмү (унаа жана мотоциклдерди эске албаганда) 2024-жылдын төрт айына караганда дээрлик 22%га өскөн.  Өлкөдө январдан апрель айына чейин 164.8 млрд сомго товар сатылган. 

     Мындай өсүш Жалал-Абадды кошпогондо (бул облуста сатуулар 3%га азайган), калган бардык аймактарда болгон. 

    Сатуулар эң көп Ош (42%) жана Чүй облустарында (27%), ошондой эле Бишкекте (28%) өскөн.

    Сатып алынган товарлардын ичинен акчанын көбү же 54.5%ы азык-түлүккө кеткен. Калганы кийим-кече, турмуш-тиричилик техникасы жана башка товарларга сарпталган.


    Тектеш материалды окуу