
Жарыяланган
2026-04-09, 18:12Эч нерсе салынбаган, бош жер тилкеси бар жарандар Мамлекеттик ипотекалык компаниядан (МИК) үй ала алат. Бул тууралуу аталган компания билдирет.
Компания аялы же күйөөсүнүн, же болбосо 18ге толо элек балдарынын атына катталган батири же тамы бар жарандар алардан үй ала албай турганын эске салат.
Ошол эле учурда эч нерсе салынбай, бош турган жер тилкеси бар жарандар Мамлекеттик ипотекалык компанияга арыз берип, үй ала алышат. Ошондой эле аянты 20 чарчы метрден ашпаган үйү же батири барлар да МИКтен үй алса болот.
Компания арыз берерден мурда программанын бардык шарттары менен кылдат таанышып чыгууну, кеңешти МИКтин адистеринен гана алууну сунуштайт.



