Akchabarsearch
Туманбаев: Жаңы Ош базары 100% мамлекеттики болот

Жарыяланган

2026-04-09, 17:07

Туманбаев: Жаңы Ош базары 100% мамлекеттики болот

Жаңы Ош базары 100 пайыз мамлекеттики болот. Бул тууралуу президентинин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Жаңы базардын курулушун көргөнү барган Туманбаев азыркы Ош базардагы соодагерлер жакында жаңы базарга көчүрүлө баштай турганын айткан. Азыркы тапта базардын курулуш иштери болжол менен 90%га аяктаган.

“Жаңы Ош базары 100 пайыз мамлекетке таандык болот. Жакынкы убакта соодагерлерди эски базардан жаңы базарга көчүрүү иштери башталат. Ага чейин бардык соода орундар толук даярдалып, зарыл талаптарга жооп бериши керек”, - деди Туманбаев.

Туманбаевдин айтымында, жаңы базардын иши толугу менен санариптик форматка өткөрүлөт. Базар администрациясы менен соодагерлердин ортосундагы байланыш мүмкүн болушунча электрондук форматта жүрөт. Бул кезектердин жана адамдардын топтолушунун алдын алып, бардык процесстерди адам факторун аралаштырбай ачык-айкын жана ыңгайлуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.


Тектеш материалды окуу