
Жарыяланган
2026-04-09, 15:27Транспорт министрлиги кадрларды даярдоо үчүн окуу жайлар менен кызматташууну көздөп жатат. Аталган маселе министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаевдин окуу жайлардын жетекчилери жана өкүлдөрүнүн 4-сентябрдагы жолугушуусунда талкууланды.
Жолугушууда транспорт тармагына автомобиль жана темир жол транспорту, жол чарбасы, транспорттук инфраструктураны куруу жана эксплуатациялоо, ташууларды уюштуруу, кыймылды башкаруу, жол кыймылынын коопсуздугу, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо жана оңдоо, автоматика, байланыш жана маалыматтык технологиялар багыттарында квалификациялуу кадрлар керек экени айтылган.
Эки тарап окуу программаларын транспорт тармагынын талаптарына ылайык өркүндөтүү, студенттердин өндүрүштүк практикасын жакшыртуу, тармактын адистерин окуу процессине тартуу жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштурууга көмөктөшүү маселелерин талкуулаган.
«Бүгүнкү жолугушуу конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга жана мындан аркы кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоого өбөлгө түзөт деп ишенем», – деген Турганбаев.



