
Жарыяланган
2026-04-09, 14:522026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандан чет жакка 612.7 млн сомго кумшекер экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Чет жакка жалпы 9 миң 357.3 тонна кумшекер сатылган. Ал Өзбекстан (8240 тонна), Тажикстан (1070 тонна), Түркмөнстан (44 тонна) жана Казакстанга (3.3 тонна) экспорттолгон.
2025-жылдын алты айына караганда кумшекердин экспорту 27.5%га же 3 миң 555.2 тоннага азайган. Былтыр жарым жылда чет жакка 12 миң 912.5 тонна кумшекер кеткен.



