Akchabarsearch
Буудайдын импорту 38 эсе өстү

Жарыяланган

2026-17-04, 18:03

Буудайдын импорту 38 эсе өстү

Быйыл январь айында Кыргызстан 604.8 млн сомго буудай импорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Январь айында өлкөгө жалпы 662.6 миң тонна буудай ташып келинген. Анын 647.9 миң тоннасы Россиядан, 14.6 миң тоннасы Казакстандан импорттолгон.

2025-жылдын бириничи айында өлкөгө 17.5 миң тонна буудай ташылган. Былтыркы жылдын январь айына караганда быйылкысында импорт дээрлик 38 эсе өскөн. 


Тектеш материалды окуу