Akchabarsearch
Январда Кыргызстан 936.9 миң сомго балмуздак экспорттоп, 20.5 млн сомго импорттоду

Жарыяланган

2026-17-04, 16:56

Январда Кыргызстан 936.9 миң сомго балмуздак экспорттоп, 20.5 млн сомго импорттоду

Быйыл январь айында Кыргызстан 936.9 миң сомго балмуздак экспорттоп, 20.5 млн сомго импорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Кыргызстандан балмуздак Казакстанга гана сатылган. Коңшу өлкөгө 7.5 тонна балмуздак экспорт болгон. 

Ошол эле учурда өлкөгө 62.8 тонна балмуздак импорттолгон. Балмуздак Кыргызстанга Казакстан (56.7 тонна) менен Кытайдан (6.1 тонна) келген. 


Тектеш материалды окуу