Жарыяланган
2025-12-05, 15:27Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2024-жылдын жыйынтыгы менен 1 млрд 86 млн 536 миң сом таза киреше тапты. Бул туралуу Кыргыз фондулук биржасындай айтылат.
Акционерлердин жыйынында аталган сумманын баарын банктын акционерине дивиденд катары төлөө тууралуу чечим кабыл алынган.
Дивиденддер 28-майда төлөнө баштап, 28-июлга чейин үч бөлүп берилет.
Эскертке кетсек, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы токтомунун негизинде түзүлүп, 2023-жылдын апрель айынан тарта иштей баштаган. Министрлер кабинети банктын жалгыз акционери болуп саналат. Акционердин милдетин Каржы министрлиги аткарат.