Akchabarsearch
Үч жылда тамекинин баасы 45 сомго кымбаттайт

Жарыяланган

2026-18-09, 11:54

Үч жылда тамекинин баасы 45 сомго кымбаттайт

Өкмөт келерки үч жылга Кыргызстандагы тамекинин минималдуу сатык баасын бектитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Мисалы быйыл өлкөдө 20 даана тамекинин минималдуу сатык баасы 120 сом деп бекитилген.

Эми 2027-жылы 20 даана тамекинин баасы 15 сомго кымбаттап, 135 сом болот.

2028-жылы чылымдын минмалдуу баасы - 150 сом, 2029-жылы – 165 сомду түзөт.

Бул баалар кадимки тамеки менен стик деп аталган чылымдарга тиешелүү болот. 


Тектеш материалды окуу