
Жарыяланган
2026-17-07, 09:512026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга чет жактан 267.8 млн сомго чай импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өлкөгө жалпы 890.4 тонна чай ташып келинген.
Кыргызстан чайды 13 өлкөдөн ташыган. Чайдын көбү Казакстан (234 тонна), Кытай (183 тонна), Шри-Ланка (176.9 тонна) жана Кениядан (169.5 тонна) сатып алынган.
2025-жылдын төрт айында болсо Кыргызстанга 1.6 миң тоннадан ашык чай импорттолуп, анын жалпы наркы 336.1 млн сомду түзгөн. Импорт дээрлик 750 тоннага азайган.



