Жарыяланган
2025-29-05, 14:18Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде өлкөдөгү чакан насыя берүүчү уюмдар тарабынан жарандарга 19 млрд сомго жакын насыя берилди. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди.
Кредит алган жарандардын саны 343 миңге жакын болгон. Ал 2024-жылдын үч айына салыштырганда 30,5%га көп. Ошондой эле берилген чакан насыялар 39%га көбөйгөн.
Насыяны көбүнесе Бишкек шаарынын (38%), Ош (14,5%), Жалал-Абад (12%га жакын) жана Чүй облустарынын (10%дан ашык) тургундары алган.