Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-20-09, 09:15

Чаткал кичи ГЭСтер каскадын курууга 200 млн доллардан ашык жумшалат

Жалал-Абад облусундагы Чаткал кичи ГЭСтер каскадын курууга 200 миллион доллардан ашык инвестиция салынат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов билдирди. 

Анын айтымында, бул багытта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду. 

Долбоордун алкагында Чаткал дарыясында жалпы кубаттуулугу 160 мегаватты түзгөн 4 кичи ГЭС курулат. Алар: Башкы-Терек, Коргон-Сай, Чуңкурчак жана Айгыр-Жал станциялары болот.


Тектеш материалды окуу