Akchabarsearch
Чаткал токой чарбасынын башчысы  5 млн сом пара алып жатканда кармалды

Жарыяланган

2025-04-09, 17:12

Чаткал токой чарбасынын башчысы 5 млн сом пара алып жатканда кармалды

1-сентябрь күнү Чаткал токой чарбасынын башчысы  «Алтын Белги» ЖЧКсынын директору Ж.у.А аттуу жарандан 5 млн сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Белгилүү болгондой, М.Б кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чоң-Жайык аймагында алтын казуу ишин жүргүзүп жаткан «Алтын Белги» ЖЧКсынын ишине тоскоолдук кылбаш үчүн белгиленген сумманы опузалап талап кылган. Болбосо, мүлктү камакка алуу жана мамлекеттик органдар тарабынан атайылап тоскоолдуктарды жаратуу менен коркутканы аныкталган.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
 


Тектеш материалды окуу