Akchabarsearch
Чечилбей жаткан маселеси бар дыйкан-фермерлер түз эле айыл чарба министрине кайрыла алышат

Жарыяланган

2026-13-08, 13:29

Чечилбей жаткан маселеси бар дыйкан-фермерлер түз эле айыл чарба министрине кайрыла алышат

Чечилбей жаткан маселеси бар дыйкан-фермерлер эми айыл чарба министри Эрлист Акунбековго түз эле өзүнө кайрыла алышат.

Министр социалдык тармактагы баракчасы аркылуу дыйкан-фермерлерге, ишкерлерге кайрылып, алардын чечилбей жаткан маселеси болсо, аны чечип берүүгө даяр экенин билдирди. 

Акунбеков өзүнүн WhatsAppтагы 0555 750 750 деген номерин калтырып, ага жазгандарга өзү жооп берип, маселесин чечип бергенге аракет кыларын белгиледи.

Министр кайрыла тургандардан жумуш убактысында чалып, жазууну суранды. 

Ошондой эле министрдин өзүнөн тышкары айыл чарбасына байланыштуу суроолор боюнча 1210 кыска номерине кайрылууга болот. Бул номер аркылуу маалымат жана кеңеш алууга болот.  


Тектеш материалды окуу