Жарыяланган
2026-13-08, 14:31Талас шаарында оңдоп-түзөлүп, жаңылангандан кийин жакында эле ачылган борбордук сейил бак 9 күнгө жабылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалым болгондой, сейил бак 13-августтан 22-августка чейин жабык болот. Бул күндөрү сейил бакта аттракциондорго кошумча кассалык аппараттар орнотулуп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Мэрия шаар тургундарын жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну суранды.
Эскерте кетсек, Таластагы борбордук сейил бак 24-июлда оңдоп-түзөөдөн кийин ачылган. Сейил бакка 8 жаңы аттракцион орнотулуп, оргума, балдар жана үй-бүлөлөр үчүн эс алуу аймактары, унаа токтотуучу жай салынып, жарыктандыруу орнотулган. Аны жаңылоого 165 млн сом сарпталган.
Курулуш министрлиги Таластагы борбордук парктын аттракциондору 2008-жылдан бери пайдаланууга жараксыз болуп келгенин, арадан 18 жыл өткөндөн кийин гана жаңыланганын билдирген.


