
Жарыяланган
2026-04-09, 13:45Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу өнөктүгү 1-сентябрда аяктап, анын алкагында 5 миң 531 унаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Унааларды каттоо боюнча мамлекеттик борбор билдирди.
Мыйзамдаштырылган унаалардын ичинен кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубга чейинки унаалардын саны 4870 болсо, 2 кубдан ашкандарыныкы 661ди түздү.
Белгилүү болгондой, унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубдан ашпагандар 50 миң сомдон, 2 кубдан ашкандары 100 миң сомдон төлөйт деп каралган.
Өз алдынча эсеп жүргүзсөк, 2 кубга чейинки унааларды мыйзамдаштыргандар жалпы 243.5 млн сом, 2 кубдан ашкан унаалардын ээлери 66.1 млн сом төлөгөн болот. Ошондо мамлекетке жалпы 309.6 млн сом түшкөн болот.
Эскерте кетсек, чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу биринчи ирет 2025-жылы 1-апрелден 1-октябрга чейин жүргөн. Анда жалпы 30 миңден ашык унаа мыйзамдаштырылып, бюджетке 1.8 млрд сомдон ашык акча түшкөн.
Бирок былтыр унаасын мыйзамдаштырууга жетишпей калган жарандар дагы бир мүмкүндүк берүүнү суранып, бийлик органдарына кайрылып келишкен. Аларга 10-июлдан 1-сентябрга чейин унааларын мыйзамдаштырып алууга дагы бир жана соңку мүмкүндүк берилген.
Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин алып келинген чет элдик номерлүү унааларды гана мыйзамдаштырууга болот деп эскертилген.



