Жарыяланган
2025-04-09, 17:51Чет элдик номерлүү жана документтери жок унааларды мыйзамдаштыруу боюнча өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Белгилүү болгондой, Кыргызстанда мыйзамдаштыруу жараяны 1-апрелде башталган. Ал 1-октябрга чейин уланат. Унаасынын кыймылдаткычынын көлөмү 2 кубдан ашпаган жарандар 50 миң сомдон жана 2 кубдан ашыктардыкы 100 миң сомдон төлөп темир тулпарын мыйзамдаштырууда. Бул унааларга 10-чу региондун коду жазылган номерлер берилүүдө.
Унааларды каттоо кызматынын маалыматы боюнча, мыйзамдаштыруу башталгандан бери 3-сентябрга чейин өлкөдө 8 миң 427 унаа каттоодон өткөрүлдү. Бирок алардын ээлери үчүн бир нече чектөө каралган: аталган темир тулпарларды сатканга болбойт, өлкөдөн чыгарууга тыюу салынат жана унааны башка бирөөгө айдаганга бергенге болбойт.
Мындай чектөө өкмөттүн убактылуу жобосунда жазылган. Ошол эле учурда ал жободо айрым жагдайлар көз жаздымда калып калган. Тактап айтканда, документ ошол бойдон калса, мыйзамдаштыруу жараянынын аякташы менен аталган унаалар үчүн коюлган чектөөлөр да күчүн жогото турган болуп калган. Ошондуктан убактылуу жобого толуктоо киргизип, чектөөлөрдүн мөөнөтү жок экени көрсөтүлгөнү жатат.
Ошондой эле өлкөгө ташылып келген чет элдик номерлүү темир тулпарлардын арасында аз санда болсо да, электр тогу менен жүргөн унаалар да болгон. Бирок алар өкмөттүн убактылуу жобосуна кирбей, мыйзамдаштыруудан өтө албай кала турган болуп калган. Мындан улам чет элдик номерлүү электр унааларды мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берүү үчүн аларды да аталган жобого киргизүү пландалууда: кыймылдаткычынын кубатуулугу 100 кВт’тан ашпаган электр унааларга мыйзамдаштыруу акысы 50 миң сом, кыймылдаткычынын кубатуулугу 100 кВт’тан көп болгон темир тупарлар үчүн 100 миң сом болот. Берки унаалар үчүн коюлган чектөө буларга да тиешелүү болот.