Жарыяланган
2025-11-08, 10:15Германиянын жараны Ф.В.Г. опузалоо жолу менен 10 000 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тергөө маалыматтарына караганда, Ф.В.Г. чет элдик инвестордон, азыркы учурда КРнын жараны Н.М.И.ден коркутуу жана шантаж аркылуу 6 млн 200 миң доллар же Чүй облусунун Токмок шаарындагы мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган. Ал укук коргоо жана сот органдарына кайрылаарын айтып, кысым көрсөткөн.
Маалыматка ылайык, инвестор бардык финансылык милдеттенмелерин толук аткарганына карабастан, мыйзамсыз талаптар токтогон эмес.
Учурда кылмыш ишине байланыштуу тергөө иштери уланууда.