Akchabarsearch
    Ноокатта өстүрүлгөн тамеки Вьетнам менен Грецияга чейин экспорттолууда

    Жарыяланган

    2025-11-08, 15:08

    Ноокатта өстүрүлгөн тамеки Вьетнам менен Грецияга чейин экспорттолууда

    Акыркы жылдары Ноокат районунда тамеки өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, Вьетнам, Греция, Россия жана Казакстанга экспорттолуп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    CJSC Constant Leaf Tobacco ишканасы 2023-жылы Вьетнамга 29,3 тонна, ал эми 2024-жылы 60 тонна тамеки экспорттогон. Ал эми, "Баек" (LLC BAEK) фирмасы 2024-жылы Грецияга 154 тонна, 2025-жыдын башынан бери 170 тонна ферменттелген тамеки экспорттогон. 

    Ошондой эле тамеки калдыктарынын экспорту да өсүүдө. Былтыр Казакстанга 8 тонна, Россияга 561 тонна, ал эми быйыл Россияга 378,4 тонна, Казакстанга 97 тонна экспорттолгон.


    Тектеш материалды окуу