Akchabarsearch
Чет өлкөдө бизнес менен алектенгендерге бирдиктүү салык 0.1%га чейин төмөндөтүлдү

Жарыяланган

2026-16-01, 17:56

Чет өлкөдө бизнес менен алектенгендерге бирдиктүү салык 0.1%га чейин төмөндөтүлдү

Чет өлкөдө иштеген салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 1%дан 0,1%га чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Эгер ишкер жалпы салык режимин колдонууга укуктуу болсо, 1-январдан баштап алар бирдиктүү салык боюнча гана иштей алат. 

Чет өлкөдө иштөөнү пландаган салык төлөөчүлөр 0,1% менен бирдиктүү салыкка өтүү үчүн быйыл 1-февралга чейин арыз тапшырууга милдеттүү.

Салык төлөө арыз берилген күнгө карабастан, 2026-жылдын 1-январынан тартып эсептелет.

Бул өзгөртүүлөр салык төлөөнү жеңилдетүү, шарттарды ачык кылуу жана эл аралык бизнес менен кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо максатында кабыл алынган.

 


Тектеш материалды окуу