
Жарыяланган
2026-13-01, 13:25Тигүү жана текстиль тармагы 2030-жылга чейин жеңилдетилген салык режимине өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль өнөр жайынын бардык субъекттери үчүн орточо айлык эмгек акынынын 40 пайызынын негизинде эсептелген 12 пайыз өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдиктүү ставкасы бекитилди. Ошондой эле тигүү жана текстиль өнөр жайында иштеген кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысынан эсептелген 1 пайыз өлчөмүндөгү киреше салыгынын минималдуу ставкасы белгиленди.
“2026-жылдын 1-январынан тартып бул ишкерлер бир кызматкер үчүн орточо айлык эмгек акынын 40 пайызынын негизинде эсептелген 12 пайызы өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмүн төлөшөт, бул 2 115,5 сомду түзөт. Ошондой эле орточо айлык эмгек акынын 1 пайызы өлчөмүндө киреше салыгы төлөнөт — 440,7 сом. Бир кызматкер үчүн жалпы төлөмдүн суммасы 2 556,2 сомду түзөт”, - деп жазылат маалыматта.



