
Жарыяланган
2026-23-01, 12:35Чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлгөн транзакцияларга салынуучу салыктын ставкасы 0,2 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, транзакцияга салынуучу салык буга чейин былтыркы жылдын 31-июлунда мыйзам менен киргизилген. Ал атайын салыктык режим болуп саналат.
Эсеп ачылган банк транзакциялык операция жүргүзүлгөн учурда бул салыкты салык агенти катары кармап, бюджетке төлөп берет.
Транзакцияларды жүргүзгөн субъекттер «транзакцияга салынуучу салык» атайын салык режимин гана колдонууга укуктуу.
Алар 1-февралга чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча «транзакцияга салынуучу салык» атайын салык режимин колдонуу үчүн арыз берүүгө милдеттүү.



