Akchabarsearch
Чүй облусундагы №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалды

Жарыяланган

2026-25-08, 18:12

Чүй облусундагы №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалды

Чүй облусунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №19 мекемесинин жетекчиси соттолгон адамдын жакындарынан акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган аскер кызматындагы майор Ж.М.Ж. 2025-жылдын февраль айынан бери соттолгон адамдын жакын туугандарынан телефон аркылуу сүйлөшүүгө жана жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн акча талап кылып келген.

Тергөөнүн жүрүшүндө акча каражаттары «MBANK» тиркемеси аркылуу которулуп турганы аныкталган.

Ж.М.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган пара талап кылуу фактысы боюнча шектелип кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда анын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнүн башка эпизоддору, алынган акчанын көлөмү жана бул ишке тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.
 


Тектеш материалды окуу