Жарыяланган
2025-16-06, 12:41Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылында керамика плиткаларын жана керамогранит чыгарган "Асылташ Керамикс" ишканасынын ачылышы болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты.
Бул ишкана 40 млн доллар инвестицияга салынган. Ал жылына 3 млн чарчы метр кермаика продукцияларын чыгарат. Жылына 1,5 млрд сом киреше табат деп пландалууда.
Садыр Жапаров соңку жылдары өлкөдө курулуш материалдарын чыгаруу жана кайра иштетүүчү өнөр жайын жандандыруу жаатында жакшы жылыштар болуп жатканын айткан.
"Кыргызстан акырындык менен чийки зат экспорттоочу өлкөдөн кайра иштетүүчү мамлекетке өтүп, жакынкы келечекте жогорку технологиялар менен продукция өндүргөн өлкөгө айланат деген ишеним чоң", - деди Жапаров.