
Жарыяланган
2026-21-07, 11:00Аламүдүн районуна караштуу Достук айыл аймагындагы Айдаралиев атындагы мектептин имаратынын фасадын оңдоо үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалым болду.
Ага ылайык, долбоордун жалпы баасы 10 млн 830 миң 780 сомду түзөт. Тапшырык берүүчү — Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү.
Тендердин шарттарына ылайык, катышуучулар акыркы үч жыл ичинде мамлекеттик мекемелер үчүн кеминде эки окшош долбоорду ийгиликтүү бүтүргөнүн тастыкташы керек.
Ошондой эле лицензиясы, квалификациялуу адистери, курулуш техникалары жана жетиштүү финансылык мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастаган документтерди тапшыруусу зарыл.
Тендердик сунуштарды кабыл алуу 4-августка чейин уланат.



