Akchabarsearch
Лейлектеги насос станциясынын түтүгүн оңдоого дээрлик 9.7 млн сомдук тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-22-07, 10:15

Лейлектеги насос станциясынын түтүгүн оңдоого дээрлик 9.7 млн сомдук тендер жарыяланды

Лейлек районунун Арка айылында жайгашкан АНС-1 насос станциясынын түтүгүн оңдоо үчүн 9 млн 657 миң сомдук тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалым болду.

Ага ылайык, подрядчы насос станциясынын түтүгүн оңдоп, демонтаждалган түтүктөрдү тиешелүү базага жеткирүүгө тийиш. Курулуш иштери келишим түзүлгөндөн кийин 30 күндүн ичинде бүткөрүлүшү керек.

Тендерге катышуучу компанияларда курулуш иштерин аткарууга лицензиясы, атайын техникалары болушу зарыл. Ошондой эле ушуга окшош долбоорлорду аткарган иш тажрыйбасы талап кылынат.

Тендердик сунуштарды кабыл алуу 27-июлда аяктайт.
 


Тектеш материалды окуу