Akchabarsearch
Нарын: Казыбек айылындагы паркты оңдоого дээрлик 10 млн сом бөлүнөт

Жарыяланган

2026-13-07, 09:56

Нарын: Казыбек айылындагы паркты оңдоого дээрлик 10 млн сом бөлүнөт

Нарын облсунун Казыбек айылындагы Бирназаров Бусурманкул атындагы паркты оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө 9 млн 980 миң 901 сомго тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматта көрсөтүлгөн.

Долбоордун алкагында паркты жаңылоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Жумуштар келишим түзүлгөндөн кийин башталат.

Тендерге катышуучу компаниялар курулуш иштерин жүргүзүүгө лицензиясы бар экенин, акыркы эки жыл ичинде ушул сыяктуу кеминде эки долбоорду ишке ашырганын жана жетиштүү финансылык мүмкүнчүлүгү бар экенин тастыктоого тийиш.

Мындан тышкары, катышуучулар объект менен жеринен таанышып чыгып, айыл өкмөтүнөн тиешелүү ырастоочу документ алышы керек. Ошондой эле курулуш боюнча адистердин сертификаттарын, салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызы жок экенин көрсөткөн маалымкаттарды тапшыруу талап кылынат.

Тендердик сунуштар 2026-жылдын 27-июлуна чейин кабыл алынат. Долбоор боюнча төлөмдүн 10%ы алдын ала берилсе, калган 90%ы иштер кабыл алынгандан кийин төлөнөт.

 


Тектеш материалды окуу