
Жарыяланган
2026-19-03, 14:23Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Москва районунда жүргүзүлгөн рейд учурунда бензинди мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Садовое айылындагы май куюучу жайлардын биринде күйүүчү май милдеттүү молекулярдык маркерсиз сатылып жаткан. Эреже бузуу атайын анализатордун жардамы менен аныкталып, кийин лабораториялык изилдөөлөр аркылуу да тастыкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы баасы 579 миң сомдон ашкан 8,5 миң литр күйүүчү май алынды. Тиешелүү материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Салык кызматы 2024-жылдын 1-октябрынан тартып өлкөдө бензин жана дизелдик отунду милдеттүү маркалоо талап кылынарын эскертип, маркерсиз күйүүчү майды сатууга жана ташууга тыюу салынганын белгиледи.



