
Жарыяланган
2026-22-06, 09:43Чүй облусунун Кашка-Суу аймагынын Ак-Таш жайлоосундагы жайыт жерге унаасы менен чыккан айдоочуларга айып салынды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, жайыт жерди унаасы менен тебелегендиги үчүн 7 жаран 5.5 миң сомдон, жалпы 38.5 миң сомго айыпка жыгылган.
Министрлик унаа же мототранспорт менен жайыт жерлерди тебелөөгө болбой турганын, болбосо айып салынарын эскертет.




