
Жарыяланган
2026-11-11, 16:162026-жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстандын базарларындагы соода орундар үчүн 1 млрд сомдон ашык жыйым чогултулду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Жыйымдын 65.5%ы же 656.8 млн сому Бишкектин базарларындагы соода орундары үчүн жыйналган.
Чүйдө - 96.8 млн сом, Жалал-Абадда - 91.6 млн сом, Ош шаарында - 50.6 млн сом, Ош облусунда - 49 млн сом чогултулган.
Ошондой эле Баткенде - 22.5 млн сом, Ысык-Көлдө - 15.4 млн сом, Таласта - 10.9 млн сом жана Нарында 9.7 млн сом жыйналган.



