
Жарыяланган
2026-11-11, 16:50Кыргызстанда Беларус тракторлорун кураштырып чыгарган завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Аталган маселе айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун Беларуска болгон иш сапарынын алкагында Минск трактор заводуна барганда талкууланган.
Акунбеков өлкөдө тракторлорду жаңылоо жана дыйкандарды арзан техника менен камсыздоо артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, айыл чарба техникасы Кыргызстанда чыгарылса, анын баасы арзан болорун айткан.
Министрдин айтымында, акыркы беш жылда лизинг аркылуу Кыргызстандагы дыйкандарга 36.8 млрд сомдук 13 миңден ашык айыл чарба техникасы берилген.



