Akchabarsearch
Унаасын саткандар киреше салыгынан бошотулган

Жарыяланган

2026-11-11, 15:08

Унаасын саткандар киреше салыгынан бошотулган

Салык кызматы жеңил автоунаасын жа мотоциклин саткан жарандар киреше салыгын төлөбөй турганын эске салат.

Мекеменин маалыматы боюнча, жеңил унаасын же мотоциклин саткандар 2029-жылдын 1-январына чейин киреше салыгын төлөөдөн бошотулган.

"Аталган убакытка чейин унаасын (мотоциклин) саткандардан киреше салыгы алынбайт", - деп айтылат маалыматта.  

2029-жылдан тарта унаасын саткандар 10% өлчөмүндө киреше салыгын кайра төлөй баштайт. 


Тектеш материалды окуу