Akchabarsearch
Чоң-Алайдагы мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлөт — 18.3 млн сомго тендер жарыяланды

Жарыяланган

2026-04-08, 10:21

Чоң-Алайдагы мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлөт — 18.3 млн сомго тендер жарыяланды

Чоң-Алай районуна караштуу Жайылма айылындагы мектепти оңдоо үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, тендерди Кашка-Суу айыл өкмөтү жарыялаган. Бул долбоорго 18 млн 323 миң сом бөлүү пландалууда.

Тендерге катышууну каалагандар сунуштарын 2026-жылдын 18-августуна чейин тапшырышы керек.

Катышуучулар акыркы жылдары аткарган иштери боюнча маалымат берүүгө жана жетиштүү каражаты бар экенин тастыктоого тийиш.

Подрядчы компания аткарылган иштерге 2 жылдык кепилдик берүүгө милдеттүү. Ушул убакыт ичинде кемчиликтер аныкталса, компания аны 3 күндүн ичинде оңдоп бериши керек.
 


Тектеш материалды окуу