
Жарыяланган
2026-08-07, 11:26Ош шаарында мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөнү үчүн «Алтын Строй Групп» компаниясынын курулуш лицензиясы токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 7-апрелинде жүргүзүлгөн текшерүүдө компания Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндөгү №54 даректе көп кабаттуу турак жайды архитектуралык-уруксат берүүчү документтерсиз жана мамлекеттик экспертизанын оң корутундусуз куруп жатканы аныкталган. Натыйжада компанияга 200 миң сом айып пул салынып, курулуш иштери токтотулган.
Кийинчерээк, июнь айынын башында ушул эле компания Курманжан-Датка көчөсүндөгү №24 даректе дагы уруксат берүүчү документтерсиз жана тиешелүү талаптарды сактабастан жер казуу иштерин жүргүзүп жатканы аныкталып, бул объекттеги иштер дагы токтотулган.
22-июнда жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн кайра текшерүүдө курулуш иштеринин натыйжасында тротуар бузулганы тастыкталып, компанияга кошумча дагы 200 миң сом айып пул салынган.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, эки объектте тең курулуш иштери мыйзамсыз түрдө уланып жаткандыктан, материалдар Ош шаардык прокуратурасына жана УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлгөн .
Мыйзам бузууларды эске алуу менен Курулуш министрлигинин атайын комиссиясы «Алтын Строй Групп» компаниясынын курулуш лицензиясын токтотуу чечимин кабыл алды.



