Akchabarsearch
Чоң-Арыкта мектеп, бала бакча куруу үчүн президенттин резиденциясынын аймагынан жер берилет

Жарыяланган

2026-12-02, 14:58

Чоң-Арыкта мектеп, бала бакча куруу үчүн президенттин резиденциясынын аймагынан жер берилет

Бишкектин Чоң-Арык айылында бала бакча жана мектеп куруу үчүн президенттин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагынан жер бөлүп берүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынды. 

Маалым болгондой, Чоң-Арыктын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылып, айылда бала бакча, мектеп жок экенин айтып, маселени чечип берүүнү суранган. Чоң-Арыкта бош жер жок болгондуктан, президент “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагынан 10.48 гектар жер бөлүп берүүну тапшырган.

“Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө” мыйзамга ылайык резиденциянын аймагындагы жерлерди бөлүп берүүгө тыюу салынган. Ошондуктан аталган мыйзам долбоору менен азыркы мыйзамга өзгөртүү киргизип, элдин социалдык муктаждыктарын чечүү үчүн мамлекеттик резиденциянын аймагынан жер бөлүп берүүгө уруксат берүү пландалган. 

Мыйзам өзгөртүлсө, өкмөт президенттин чечиминин негизинде резиденциянын аймагынан социалдык мекемелерди курууга жер бөлүп берүүгө мүмкүндүк алат.


Тектеш материалды окуу